• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы прокурор менен соттордун атып жамынып алдамчылык кылгандар кармалды

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Башкы прокурор менен соттордун атып жамынып алдамчылык менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Ф.у.К. аттуу жарандын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзгөн. Кайрылууда айрым жарандар башкы прокурор менен сотторго материалдык сый акы берүү жолу менен Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан кайрылуу ээсине таандык жер тилкесин алдамчылык жолу менен тартып алууга аракеттенип жатышкандыгы тууралуу жазган.

Текшерүүдө Б.О. жана О.А. аттуу жарандар алдоо жолу аркылуу Башкы прокуратуранын жетекчилиги менен сүйлөшүлдү – деп адамдардын ишеничине кирип, Жогорку сотто каралып бүткөн жер маселеси боюнча жарандык ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралышына көмөк көрсөтүп берүү үчүн 7 600 АКШ долларын алышкандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда Б.О. жана О.А. шектүү катары кармалып, сот тарабынан аларга карата бөгөт коюу чарасы катары 2 айга камакка алуу түрү тандалды.

Бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Башкы прокуратура жарандардан мыйзамсыз аракеттерде прокуратура органдарынын жетекчилеринин атын жамынуу фактылары орун алса, ыкчам түрдө Башкы прокуратурага ишеним телефону (+996 (312) 54-28-18) аркылуу маалымдоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий