• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматтан бошотулду. Жарлыкка Жапаров кол койду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Жамшитов Өткүрбек Асилбекович ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, ага негиз:

— Ө.А. Жамшитовдун арызы;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4120-VI токтому.

Пикир

Оставить комментарий