• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкы прокурордун орун басарлары алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.08.21./Кабар/. Башкы прокурордун орун басарлары алмашты. Тиешелүү буйруктарга президент Садыр Жапаров кол койгон, - деп билдирет президенттин администрациясы.

Алсак, Башкы прокурордун биринчи орун басары Набиев Нуркамал Бурханович ээлеген кызматынан бошотулду.

Андан тышкары, Рысбек Альчиев КРнын Башкы прокурорунун орун басары кызматынан бошотулду.

Ал эми Абай Молдокматов Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары кызматына дайындалды.

Кумарбек Токтакунов жана Кубан Адыл уулу КРнын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий