• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы прокурордун орун басарлары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. Кыргызстандын Башкы прокурорунун биринчи орун басары жана орун басары дайындалды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Казаков Боконбай Джаныкеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР Башкы прокурорунун биринчи орун басары, ал эми Дюшембиев Нурлан Касымбекович орун басары болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын башка буйругуна ылайык, КР Башкы прокурорунун биринчи орун басары Токтогулов Кылычбек ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий