• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Башкы прокурор кызматына депутат Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кызматтан алуу сунушун карайт. Бул тууралуу журналисттерге депутат Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, башкы прокурор кызмат ордуна депутат Курманкул Зулушевдин талапкерлиги сунушталууда.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин карамакчы.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий