• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Башкы санитардык дарыгер өлкөдө карантин качан алынышы мүмкүн экендигин айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар качан алынышы мүмкүн экендигин айтып берди.

"Биздин алдын ала божомол боюнча, келе жаткан аптада коронавирус жуктургандардын санынын көбөйүшү болот. Бирок анын аркасынан турукташуу жана илдетке чалдыккандарын санынын азайышы башталат. Андан кийин биз ошол өзгөрүүлөргө жараша эпидемиологиялык кырдаалга көз салып, өзүбүздүн сунуштарыбызды даярдайбыз. Кырдаал көзөмөлгө алынгандан кийин карантиндик иш-чараларды жеңилдетүү жана андан ары карантиндик чараларды алып салуу тууралуу сөз кылууга болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуктурган 48 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 554кө жетет. Алардын ичинен 133 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий