• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Башкы санитардык дарыгер Нурболот Үсөнбаев коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрининорун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында тиешелүү дарылануудан өтүп, айыгып чыкты. Эртең 6-августтан тарта ишке чыгат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий