• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башкысы балдардын коопсуздугу. Кыргызстанда акыркы коңгуроо онлайн форматта өтө турган болду

Билим 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтө турган болду, - деп билдирди өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингдин жүрүшүндө КР билим берүү жана или министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Анын маалыматына караганда, учурдагы кырдаалда эң башкысы балдардын коопсуздугу жана ден соолугу маанилүү.

"Белгилүү инсандарга, баардык ата-энелерге жана мектеп директорлоруна кайрылып, онлайн форматында куттуктоо жана каалоо-тилектерди айтып, бүтүрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрөлү деп жатабыз. Учурдан пайдаланып журналисттерге, белгилүү инсандарга, искусство адамдарына жана ата-энелерге кайрылып кетким келет. КТРК каналы "Мен - бүтүрүүчүмүн/Я - выпускник" деген жакшы акция баштады. Ага мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн сүрөттөрүн, каалоо-тилектерди жазып жөнөтсөңүздөр болот. Биз да ошондой форматта окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, окуу жылын аяктасак, андан кийин жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого даярданып калабыз", - деди ал.

Эске сала кетсек, быйыл Кыргызстанда окуу жылы 30-майда аяктай турган болду.

Пикир

Оставить комментарий