• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү мыйзамдаштырылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Жыйында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча иш-чаралар өзүнүн актуалдуулугун жана зарылдыгын көрсөттү. Бирок, бул жүрүм мыйзам түрүндө бекитилген эмес. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбоору мектептердеги башталгыч класстарга (1-4) ысык тамак берүүнү уюштурууну мыйзамдуу түрдө бекитүү максатында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 2265 мектептин 1371инде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Республикалык бюджеттен ар бир бала үчүн 7 сом (кадимки райондор үчүн), ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүү каралган

Талкууда депутаттар бүгүнкү күндө бир катар мектептердеги ысык тамак берүүнү эл аралык донор уюмдар каржылап келе жаткандыгы айтылып, алар көмөк көрсөтүүнү токтотсо, ысык тамак берүүнү аткаруу бийлиги улантып колго алып кете алаарын такташты. Ошону менен катар эл өкүлдөрү ысык тамак даярдоодо өткөрүлгөн тендерлерде арзан берген компанияга эмес, сапаттуу азыктарды сунуштаган компанияларга басым жасоону сунуш кылышты. Бир катар депутаттар 7-10 сомдук каражаттын көлөмүн көтөрүү зарылдыгын баса белгилешти. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүнкү күндө ысык тамак берилбеген мектептерге ысык тамак берүү этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканын, түзүлгөн жол картасынын негизинде 2023-жылга чейин өлкө аймагында окуучуларга ысык тамак берилбеген бир да мектеп калбай тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий