• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын окутуучулары үчүн тренингдер өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча тренингдер сериясын баштады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан эл аралык университетинин алдындагы Политехникалык колледждин окутуучулары үчүн окутуудагы компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу технологиялары жана ыкмалары боюнча тренинг өткөрүлдү, анын максаты – окуу модулдарын түзүү жана өткөрүү үчүн керектүү көндүмдөргө окутуу.

Катышуучуларга модулдук окутуу окуунун мазмунун так түзүмдөштүрүүнү, теориялык материалдын ырааттуу баяндалышын, окуу процессин маалыматтык-предметтик баалоо системасы менен камсыздоону жана окуу процессин түзөтүүгө мүмкүндүк берүүчү билимдерди өздөштүрүүнү контролдоону божомолдой тургандыгын айтып беришти.

Модулдук окутууда окутуунун вариативдүүлүгү, окуу процессин билим алуучулардын жеке мүмкүнчүлүктөрүнө жана суроо-талаптарына ыңгайлаштыруу каралат.

Тренингдин катышуучуларына лекцияларды гана эмес, ошондой эле студенттер менен окуудагы аңгемелешүүлөрдү, презентацияларды жана ролдук оюндарды камтыган модулдук окутуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий