• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Башын 180 градуска бура алган пакистандык бала

Дүйнө 0


Бишкек, 09.11.17. /Кабар/. Пакистандын Карачи шаарында жашаган Мухаммед Самир колунун жардамы менен башын 180 градуска бура алат. Бул тууралуу Daily Pakistan маалымдайт.

14 жаштагы баланын айтуусуна караганда, бул жөндөмдүүлүк тубаса эмес, тескерисинче көптөгөн машыгуулардын жыйынтыгы. Самир алты жашка чыкканда, голливуд тасмасында башын бура алган актерду көрүп, андан соң, машыга баштап, бир нече айдан кийин максатына жеткен.

Самирдин апасы мындай машыгууларды жасаба деп тыюу салууга аракет кылган. “Бирок убакыт өткөн сайын бул кудайдын берген белеги экенин түшүндү”,-деп билдирет жеткинчек бала.

Самир мектепти таштап, үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында Dangerous Boys бий тобуна кошулган.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий