• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Басма сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча Кыргызстан Казакстан, Россия жана Тажикстандан алдыда

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Кыргызстандын басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк көрсөткүчү боюнча оң динамика байкалууда. Бул тууралуу өкмөттүн 2016-жылга карата отчетунда айтылат.

Көрсөткүч журналисттер жана маалыматтык уюмдар, анын ичинде басма сөз, телерадиоберүү жана онлайн жалпыга маалымдоо каражаттары тигил же бул өлкөдө колдонгон эркиндиктин деңгээлин баалайт.

Рейтингдеги Кыргызстандын позициясы журналисттер жана ЖМКлар жалпысынан канчалык деңгээлде эркин экендигинен жана өлкө бийлиги тарабынан басма сөздүн ыңгайлуу иши үчүн кандай шарттарды түзүп берип жаткандыгынан көз каранды.

Отчетко ылайык, Кыргызстан 2016-жылы 3 позицияга жогорулап, 2015-жылдагы 88-орундан 85-орунга чыккан. “Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Тажикстан, Украина, Россия, Беларусия, Казакстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдөн алдыда турат”, - деп айтылат отчетто.

Булак: АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий