• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен: 112 миң 899 жаран үйлөрүнө кайта баштады

Аймак 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Тажикстандын кол салуусунда Баткен облусунда жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен 18 миң 281 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 миң 839 жаран эвакуациялык пунктарда, 1 миң 701 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 301 жаран эвакуацияланган.

“112 миң 899 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий