• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен: 15-апрелге чейин жайлоого мал айдабай туруу сунушталат

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү коронавирус илдетинен улам жана өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен облусунун жарандарын үстүбүздөгү жылдын 15-апрелине чейин мал жандыктарын жайлоого айдабай турууну эскертет.

Анткени жарандардын массалык мал айдоо аракеттери, өзгөчө кырдаалдын тартибин бузуп, жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

"Ошондой эле тоолуу аймактарда, жайыттарда аба ырайынын төмөндөшү күтүлөт. Жайлоого мал айдоо качан башталары тууралуу кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий