• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. 17 соцобъект капиталдык оңдоого муктаж, бешөө кайра курулат

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам талкаланган 17 социалдык объект капиталдык оңдоого муктаж, ал эми 5 объект жаңыдан курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка караганда, агенттик министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында талкаланган социалдык-маданий маанидеги объектилердин жана жеке турак жайлардын долбоордук-сметалык документациясын даярдап, изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, Мамкурулуштун жумушчу тобу ар бир социалдык объекттин изилдөө иштерин, долбоордук-сметалык документациясын кылдаттык менен даярдоодо.

"Учурда жумушчу топ талкаланган объекттерди изилдөө иштерин улантып жатат. Алдын ала маалымат боюнча, 17 социалдык объект капиталдык оңдоого муктаж, ал эми 5 соцобъектинин толук кандуу курулушу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий