• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен: Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыялар бериле баштады

Аймак 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун алкагында, Баткен облусунда дыйкан, фермер, багбандар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалаган өндүрүшчүлөргө жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, насыялар 6-10 пайыздан дыйканчылык, мал чарбасы, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субьектерин каржылоого, лизингге техникаларды алууга берилет.

Аймактын климаттык шартына ыңгайлуу, суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу боюнча сунуштар колдоого алынат жана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө артыкчылыктар берилет.

Жеңилдетилген насыя алууну каалагандар Баткен облусундагы “Айыл Банк”, “РСК Банк”, KICB”, “Оптима”, “Кыргызстан” банкттарына кайрылса болот.

Белгилей кетсек, 2020-жыл ичинде жалпы облус боюнча "Айыл Банкы" жана "РСК Банкы" тарабынан 914 ишкер, мамлекетен 432 млн 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.

Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен лизингге техникаларды алышса, 10 ишкер кайра иштетүү багытында насыя алышып, чакан ишкердиктерин башташкан.

Пикир

Оставить комментарий