• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунун айылдарында милициянын көчмө кабылдамалары иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел, Достук, Дөбө айылдарында Ош облусунун Кара-Суу райондук милициясынын көчмө кабылдамасы иш алып барып жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-30-апрель күндөрү чек арада жайгашкан Кызыл-Бел, Достук айылдарында тажик тараптан оор техникалык октор атылып, ондогон үйлөр талкаланып, өрттөлүп кеткен.

Азыркы күндө аталган аймактарга милициянын кайгуул күзөттөрү уюштурулуп, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо күнү-түнү иш алып барууда. Тажик тараптан атылган снаряддардын кээ бир жарылбай калган жерлерин коопсуздандыруу максатында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бүгүнкү күндө аталган аймакта абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий