• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен: Акыркы үч жылда Булак-Башы айылында курал колдонгон бир дагы окуя катталган эмес

Аймак 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Акыркы үч жылда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Булак-Башы айылында курал колдонгон бир дагы окуя катталган эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелде Булак-Башы айылынын тургундары Баткен облусунун Майты аймагындагы 2,67 гектар жер тилкесинин пайдаланылышына нааразычылыгын билдирди. Тургундар талаа айдоо иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан.

Ал жер кыргыз-тажик чек арасынын аныктала элек бөлүгү болгондуктан айдоо иштери токтотулган.

“Лейлей районунун жетекчилери жергиликтүү тургундарга 2021-жылдын 24-мартынан тарта эки тарап акыркы чечимге келмейинче аталган тилкеге эч кандай жумуштар аткарылбашы керектиги түшүндүрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын чек ара кызматы ал жерди кайтарып жаткандыгын белгиледи.

Учурда кыргыз-тажик чек арасынын аталган тилкесинде абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий