• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: «Акыркы коңгуроо» салтанаты белгиленбейт. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда быйыл «Акыркы коңгуроо» салтанаты белгиленбейт. Ага байланыштуу Баткен облустук милициясы жалпы тургундарга кайрылуу жасады.

Урматтуу Баткен облусунун тургундары! Кымбаттуу ата-энелер жана мектеп бүтүрүүчүлөрү!

Учурдагы пандемияга байланыштуу «Акыркы коңгуроо» аземдерин, 10,20,30 жылдык кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат. Баткен ОИИБнын буйурмасына ылайык, милиция кызматкерлеринен турган 20дан ашуун мобилдик топ жер-жерлерде жол коопсуздугун алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ошондой эле COVID-19 илдетин алдын алуу жана жайылтпоо максатында 24-26-май күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Автоунааларды коштоп чыккан кортеждерге, юбилейлик жылдарды уюштуруп эс алууга чыккан автоунааларга токтоосуз айыптар салынат. Ошондуктан баарыбыз тартипти сактасак.

Вирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында ар бириңиздерди сабырдуулукка чакырып, үйдө болууңуздарды эскертебиз"

Эске сала кетсек, Кыргызстанда быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты онлайн форматта өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий