• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткенде атын атабаган жаран дарыгерлер менен окуучуларга жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн дарегине, атын атабаган жаран кооптуу илдеттен коргонуучу каражаттарды жана окуу куралдарын жардам катары жиберип, муктаждарга жеткирүүнү суранган.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жардамдын ичинде 200 даана беткап, 200 костюм, 200 колкап жана окуу куралдары бар.

Коргонуучу каражаттар дарыгерлерге, окуу куралдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.

Пикир

Оставить комментарий