• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен беткап муктаждыгын жергиликтүү тигүү цехтери менен бирге жеңилдетүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарынын мэриясы шаар тургундарына 500 даана бет кап таркатты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаардык мэриясынын кызматкерлери 80 жаштан жогору улгайган жарандарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бет каптарды үйлөрүнө жеткирип таратууда.

Ошондой эле коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүүгө жергиликтүү бюджеттик резервден 100 миң сом бөлүп берүү жөнүндө Баткен шаардык мэриясы токтом кабыл алды.

Мындан сырткары, мэрия шаардагы кичи тигүү цехтери менен келишим түзүп, беткап муктаждыгын жергиликтүү ишкерлер менен бирге чечүү аракетин көрүүдө.

Мындай иш-аракет облустун башка район-шаарларында да колго алынууда.

Пикир

Оставить комментарий