• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: чек ара чыры боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи бөлүгү башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 03:00дөн 03:55ке чейин “Кулунду-авто жол” (КР) жана “Овчи-Калча-авто жол” (РТ) көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өткөн.

"Бүгүн, 13-апрелде, саат 11:00дө жолугушуунун экинчи бөлүгү КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен жолугушуусу башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн тынч өттү, атышуулар катталган жок.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады.

Пикир

Оставить комментарий