• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткен чек ара отрядынын чек ара кызматкерлери аскер бөлүгүнүн уюшулган күнүн белгилешти

Аймак 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Баткен чек ара отрядынын чек ара кызматкерлери аскер бөлүгүнүн уюшулган күнүн белгилешти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

КР МЧК тарыхынын өзгөчө саптарына 1999-2000-жылдагы Баткен окуялары жазылган, себеби, ошол окуялардан кийин Кыргызстандын чек ара кызматынын уюштуруу иштерине бир катар оңдоолор киргизилген жана Казакстан, Тажикстан жана Казакстан менен чек араны кайтарууда жаңы система түзүлгөн. Ошентип, 1999-жылдын октябрь-ноябрь айларында Баткен (6-октябрь 1999-ж), Лейлек (10-октябрь 1999-ж) жана Айдаркен (8-ноябрь 1999-ж) чек ара отрядтары түзүлгөн.

Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкерлери кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек аранын жалпы 400 чакырымга созулган татаал участкаларын кайтаруу жана коргоону ишке ашырышат.

Отрядтын өздүк курамын куттуктап жатып, 2022 аскер бөлүгүнүн командири Каныбек Рыскулов “отрядтын өздүк курамы бат өзгөрүлгөн учурдагы кыймыл аракетин көрсөтүү менен мамлекеттик чек арадагы окуяларды жана жаңжалдуу кырдаалдарды чечүүдө чоң тажрыйбага ээ болушту” деп белгиледи.

Полковник К.Рыскулов өздүк курамга жана алардын үй-бүлөсүнө узун өмүр жана түйшүктүү кызматында ийгиликтерди каалады.

Салтанатта аскер бөлүгүнүн өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери КР МЧК жетекчилеринин жана чек ара отрядынын жетекчилигинин атынан ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

Аскер бөлүгүнүн уюшулган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага Баткен чек ара отрядынын жетекчилиги жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана ардагерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий