• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен: чек арада абал туруктуу, кыргыз тарап кошумча күчтөрдү мурдагы жайгашкан ордуна алып кетти

Аймак 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 29-январы, саат 10.30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-январда, болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан менен Тажикистандын биргелешкен комиссиясынын жумуш алып барышы пландаштырылган.

Кыргыз тарап чек арага алып келген кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жайына алып кетишти. Чек ара тарамдары штаттык режимде кызмат өтөп жатышат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий