• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: чек арага чектеш аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов, УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги Кыялбек Төлөнбаев, Тажикстандын Согди ОИИБнын начальниги Абдулло Навджувонов, Чек ара кызматынын Согди облусу боюнча башкармалыгынын начальниги Хикматулло Пираков чек ара тилкесинде жолугуп, эки элдин ички коопсуздугу боюнча бир катар иштерди жүргүзүшүүдө.

"Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында Баткен районунун Таш-Тумшук,Төрт-Көчө, Майский, Сомион, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын чек арага жакын чектеш айылдарында эки мамлекеттин укук коргоо органдары биргеликте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча биргеликте кайгуул күзөттөр жүрүп жатат. Чек арадагы куралдуу кагылышуу болгон аймакта калып кеткен жарандар 2022-жылдын 17-сентябрь күнү толугу менен коопсуз жайга чыгарылган. Учурда коопсуздукту камсыздоо максатында бардык күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий