• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен: Чыр чыккан аймактардан 33,3 миң кыргызстандык көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан аймактардан 33,3 миң кыргызстандык коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, акыркы маалыматтарга караганда, Баткен районунун Ак-Сай, Актатыр, Карабак жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн жалпы 33 миң 388 адам эвакуацияланды.

“Алардын ичинен 19 миң 142си балдар”, - деп айтылат маалыматтарда.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 178 адам жабыркап, алардын 34ү набыт болгон.

Кечээ, 1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 2-май саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгара башташты.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий