• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен элин колдоо максатында Жалал-Абад мэриясында ыкчам штаб түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун элине колдоо көрсөтүү, гуманитардык жардам уюштуруу максатында Жалал-Абад шаардык мэриясында ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Ыкчам штабдын иш жүргүзүүсүнүн алкагында шаардагы бардык мекеме-ишканалар азык-түлүк жактан жардам көрсөтөт. Аны уюштуруу жана чогултуу жагын штабдын мүчөлөрү колго алды. Баткен облусундагы элге топтолгон алгачкы гумжардам бүгүн, 30-апрель саат 12:00дө жөнөтүлөт. Алгачкы колдоого көмөк көрсөтүүнү каалагандар кошулса болот. Жардам боюнча маалыматтар үчүн 03722 2 30 93 номери иштейт”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий