• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен: эвакуацияланган 123 миң 345 жаран үйлөрүнө кайтып келди

Аймак 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Баткен облус боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен 123 миң 345и туруктуу жашаган жайларына кайтып келишти.

Жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 64 бөлмөлүү сегиз мекеме, 218 жеке жарандардын үйү даярдалган:

• Баткен району - 74 жеке жарандардын үйү;
• Кадамжай району - 25 бөлмөлүү үч мекеме, 33 жеке жарандардын үйү;
• Лейлек району - 86 жеке жарандардын үйү;
• Кызыл-Кыя шаары – 39 бөлмөлүү беш мекеме;
• Баткен шаары – 25 жеке жарандардын үйү кабыл алууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий