• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен: эвакуациялангандарга ысык тамак-аш берилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Баткенде жаралган туруксуз кырдаалга байланыштуу атайын уюштурулган пункттарда жарандарга маал-маалы менен ысык тамак берилүүдө, - деп айтылат КР ӨКМдин маалымат кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, аймактагы кырдаал учурда туруктуу деп бааланууда.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМ тарабынан уюштурулган убактылуу жайлардын кампасында жетиштүү көлөмдө тамак-аш азыктары, таза суу жана биринчи кезекте керектелүүчү гигиена каражаттары бар.

Эске салсак, Баткендеги кырдаалга байланыштуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жарандарды коопсуз жерге убактылуу көчүрүү максатында, 7 пункт уюштурулуп жарандарга керектүү жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий