• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен геопаркы. Логотип иштеп чыгуунун убактысы узартылды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.20. / Кабар/. Туризм департаменти Баткен облусундагы геопарк логотибин иштеп чыгуунун убактысын 2020-жылдын 30-мартына чейин узартты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Сынактык билдирме 2020-жылдын 31-мартында комиссия тарабынан каралат.

Жыйынтыгы боюнча жеңүүчү Canon EOS 77 DKiT 18-55 ISSTIM фотоаппаратына ээ болот.

Эскерте кетсек, Туризм департаменти 2020-жылдын 18-28-февралына чейин Баткен облусундагы геопарктын логотибин иштеп чыгууга сынак жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий