• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арадагы абалга байланыштуу: Баткен – Исфана – Баткен авиакаттамы уюштурулду

Коом 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өкмөт тарабынан Баткен – Исфана – Баткен авиакаттамын уюштуруу чечими кабыл алынды.

Авиакаттам 15-марттын саат 13:00дөн баштап уюштурулду. Учуу убактысы 30 мүнөт.

Мындан тышкары, Бишкек – Исфана – Бишкек авикаттамы жумасына үзгүлтүксүз бир жолу (дүйшөмбү күнү) учат.

Азыркы учурда өкмөт тарабынан Бишкек – Исфана – Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз эки жолу (дүйшөмбү, жума күндөрү) уюштуруу маселеси иштелүүдө.

Аталган авиакаттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий