• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: көчүрүлгөн жарандар керектүү буюмдар менен камсыздалууда

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арага жакын жайгашкан айылдардан убактылуу көчүрүлүп чыккан жарандарга зарыл болгон буюмдар менен жетиштүү түрдө камсыздоо боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштурууда.

КР ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, учурда кооптуу аймактан убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлүп чыгарылган жарандар 400дөн ашуун негизги керектелүүчү буюмдар менен (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) камсыз болууда.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 25 даана он орундуу, 3 даана отуз орундуу чатыр даярдалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды кабыл алууда кошумча дагы даярдыктарды көрүүдө.

Эскерте кетсек, эвакуация жумуштарына 90 куткаруучу тартылып, Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режимине өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жети кыргызстандыктын жабыркагандыгы тууралуу кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий