• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен: Өкүл Абдрахманов посттордун ишинен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов Кызыл-Кыя жана Кадамжай райондорундагы санитардык-карантиндик көзөмөл постторунун жана кошуна өлкөлөр менен чек арада жайгашкан көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкүл постто турган кызматкерлердин иштөө тартиби, түзүлгөн шартын жеринде көрүп, мүчүлүштүктөргө жол бербөө зарылдыгын белгиледи. Анткени облустун коопсуздугу үчүн, коронавирус оорусунун жайылып кетүүсүнүн алдын алууда посттордун туура, так жана белгиленген тартипте иш алып баруусу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Ал эми постто турган кызматкерлерге ыраазычылыгын айтып, алардын коргонуучу каражаттар, тамак аш менен камсыздоодо маселе болбой тургандыгын белгиледи.

Баткен облусунда 4 негизги, 23 ички санитардык-карантиндик көзөмөл посттору коюлган. Ал эми элдик кошундар тарабынан 65 көзөмөл жайлары иштеп жатат.

Облустун кошуна өлкөлөр менен чек арасында 4 негизги автожол көзөмөл-өткөрүү жайлары бар.

Пикир

Оставить комментарий