• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен: Өкүлчүлүктүн аппараты коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке бир күндүк эмгек акысын которду

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке бир күндүк эмгек акысын которду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды каржылоого акча каражаттарын которуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн «Айыл банк» жана «РСК банк» ачык акционердик коомдору бирдиктүү эсеп ачышты.

COVID-19 менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга өз ыктыяры менен финансылык жардам көрсөтүүну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасына төмөнкү реквизиттер боюнча которсо болот:

Алуучу банк: «Айыл Банк» ААК

БИК 135001

Эсеби: 1352119927702865 (сом менен)

же:

Алуучу банк: «РСК Банк» ААК

БИК 129001

Эсеби: 1299004130020044 (сом менен)

Пикир

Оставить комментарий