• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен: Күрүч жыйноо өнөктүгү башталды — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында күрүч жыйноо жумуштары кызуу жүрүп жаткандыгын өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, түшүмдүүлүгү жана даамы менен өзгөчөлөнгөн күрүчтүн “кенже” сорту Лейлектин Ак-Суу айылында өстүрүлөт. Аталган айыл аймактын негизги киреше булагы дыйканчылык. Айыл аймактын 500 гектар жер аянтына, жыл сайын толугу менен күрүч себилет. Бул күрүч талаасынан күзүндө 1000 тоннадан ашуун түшүм алынат.

"Айылдагы дээрлик ар бир үй бүлө күрүч өстүрөт. Аймактан чоң Ак-Суу дарыясы агып өткөндүктөн, шарты күрүч өстүрүүгө ыңгайлашкан. Учурда аймакта массалык түрдө күрүч жыйноо өнөктүгү жүрүп жаткан кези. Азыркы тапта күрүчтүн бир килограмы базар баасында 50-60 сомго бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Ак-Суу айыл аймагынын дыйкандары өндүргөн күрүчтөрүн Баткен облусунун ички базарларына жана коңшу Тажикстанга сатышууда.

Пикир

Оставить комментарий