• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен казыятына 4 миң 229 Куран китеби берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Кечээ, 17-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Баткен облустук мусулмандар казыятына 4 миң 229 даана Ыйык Куран китеп берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Куран китептер Баткен облусундагы мечит-медреселерге таратылат.

Ыйык Куран китебинин алгачкы бөлүгү Баткен шаардык жана Баткен райондук хатибиятына, шаардагы медреселерге, имамдарга облус казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун катышуусунда өткөн чакан жыйында тапшырылды.

«Алла Таала адам баласына жашоо эрежесин көрсөткөн Ыйык Куранды түшүрдү. Андыктан бул жалганда адашпастан туура жашап акыретке, Аллахтын астына жарык жүз менен баруу үчүн Куран жөнүндө кенен маалыматка ээ болуп, аны башкаларга үйрөтүү ар бир мусулмандын милдети. Ыйык Куран китебин белекке берген боордошторубузга ыраазычылык билидиребиз»,- деди облус казысы.

Эскерте кетсек, 11-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келген. Ал китептер муфтияттын түзүмүндөгү 9 казыятка, диний окуу жайларга, өлкөнүн бардык мечиттергине таратылууда.

Пикир

Оставить комментарий