• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен: ӨКМ эвакуациялоо иш-чараларын жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек аралаш аймакта жашаган тургундарды эвакуациялоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Баткен облусунун Самаркандек, Актатыр жана Кулунду айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эвакуациялоого 13 атайын автоунаалары, 156 кызматкерлер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 60 спринтер тартылды.

Баткен облусунун Баткен районунан 1 409 жаран Баткен шаарындагы мейманканаларга жана мектептерге эвакуацияланган.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунан 159 жаран Исфана шаарындагы жатак интернаттарга эвакуацияланган, ал эми 8 647 жаран туугандарына үйлөрүнө жайгаштырылган.

Баткен облусу боюнча 10 215 жаранга жетти.

Пикир

Оставить комментарий