• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен: ӨКМдин төрт кызматкери дайынсыз болуп, изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт кызматкери дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтмында, кызматкерлерди табуу үчүн атайын издөө тобу түзүлдү.

“Чек ара кызматы, Коргоо министрлиги жана ИИМдин кызматкерлери менен бирге дайынсыз болуп жаткан кызматкерлерибизди издеп жатабыз. Тирөө болсо тирүү, сөөгү болсо сөөгүн табабыз”, - дейт ал.

Ажикеев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев издөө тобун түзүп, керек болсо тик учакты колдонуу боюнча тапшырма бергенин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий