• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: Коомдук алдын алуу борборлору капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Баткен районунун Ак-Сай айылында кечээ Коомдук алдын алуу борборунун салтанаттуу ачылуу аземи өттү. Аземге КР ЖК депутаты Карамат Орозова, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов жана донорлор менен жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Баткен облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган мекеменин ачылуусу жергиликтүү көйгөйлөрдү бирге чечүүдө милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жамааттардын жетиштүү шартта кызматташуусуна, өзгөчө чек аралаш аймакта муктаждыктардын жеңилдөөсүнө шарт түздү.

Коомдук алдын алуу борборунун оңдоп-түзөө иштерине жана компьютердик жабдуулар, жана эмеректерди сатып алууга донорлор тарабынан 882 миң сом, Ак-Сай айыл өкмөтү тарабынан 200 миң сом каржыланды.

Ушундай эле коомдук алдын алуу борборлору Лейлек районунун Исфана шаарында жана Кадамжай районунун Халмион айыл аймактарында пайдаланууга берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий