• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: Коронавируска бөгөт коюу жана шайлоого даярдыктарды күчөтүү боюнча кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Баткенде коронавируска бөгөт коюу жана шайлоого даярдыктарды күчөтүү маселеси облустук кеңешмеде каралды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облус активи менен 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоого карата даярдыкты күчөтүү, облустун коомдук саясий абалы жана коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында кенешме өткөрдү.

Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешменин мүчөлөрү бул маселелер боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтарын угуп, алдыда аткарыла турган маселелер жана айрым кемчиликтер талкууга алынды.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, шайлоо учурунда ар бир жарандын коопсуздугу сакталып, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аймактардагы ар бир шайлоо участкаларында жарандар жана шайлоо комиссияларынын кызматкерлери үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүп, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле саясий партиялардын үгүт иштерин жүргүзүп жаткан учурда санитардык-талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алуу тапшырмасы коюлду.

Мындан сырткары, район-шаар башчыларына облус аймагындагы эпидемиологиялык абал, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтүү тапшырмалары коюлду.

Пикир

Оставить комментарий