• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: Кулундудагы “Бирдиктүү терезе” кызматы жакшы натыйжасын берүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында калкка кызмат көрсөтүүнү электрондоштуруу жаатында алгылыктуу иштер жүзөгө ашууда.

2018-жылдын 1-январынан баштап, Кулунду айыл аймагынын кеңсесинде ”Бирдиктүү терезе” системасы ишин баштаган. Бүгүнкү күндө аталган система аркылуу калкты тейлөө мыкты жолго коюулуп, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Программаны ишке ашыруу максатында аталган айыл аймак Бириккен Улуттар Уюмуна долбоор жазып, натыйжада аталган уюм пилоттук айыл аймак катары колдоого алып, адистерди окутууда, керектүү жабдуулар менен камсыздоодо, ар бир үй-бүлөнүн “Чарба китепчесин”иштеп чыгууга көмөктөшкөн.

Чарба китепчеси 12 миң нускада чыгарылып,ар бир үй-бүлөгө таратылган.

“Бирдиктүү терезе” кызматынын ишке кирүүсү менен айыл өкмөтүнүн чарбалык китеби электрондоштурулду.

Тагыраагы;

-Айыл аймактын тургундарына жашагандыгы, үй-бүлөсү, малы, мүлкү жөнүндө тактаманы кыска убакытта, тактап айтканда, үч мүнөттүн ичинде берүүгө жетишишти.

-Айыл өкмөтүнүн тургундарынын салыктарынын түрлөрү эсептелип чыгарылууда.

-Айыл өкмөтүнүн жер үлүштөрүнүн, малдарынын башы жана түрлөрү жөнүндө маалыматтары катталды.

-Айыл өкмөтүндөгү коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алууга шарт түзүлдү.

-Жарандар алган маалымдамалар үчүн кол койдурууга айыл өкмөтүнүн башчысын жана жооптуу катчыны издеп убара болбойт. Бул жумуштарды да система өзү аткарат.

“Бирдиктүү терезе” кызматында 4 кызматкер иштеп жатат. Адистердин айтымында, учурда өз нугунда иштеп жаткан бул система өлкөнү санариптештирүү максатында ишке ашырылып жаткан “Түндүк” программасына дээрлик даяр.

“Бирдиктүү терезе” учурда Кулунду айыл аймагындагы 26 миңге жакын калкты тейлөөдө.

Пикир

Оставить комментарий