• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 129га жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. 17-сентябрь саат 22:30га карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 129 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында – 39 жабырлануучу;

Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарында – 4 жабырлануучу;

Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарында – 79.

"Жабырлануучулардын абалы орто оордукта деп бааланууда. Бардыгына тең тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө, кандын компоненттери, дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар жетиштүү. Каза болгондордун саны 24 адам", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий