• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган үч мектептин окуу корпусу бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусундагы үч мектептин окуу корпусу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү объектилери Кызыл-Бел, Центральная (Борбордук) жана Чурбек айылдарында жайгашкан. Бүгүнкү күнгѳ тиешелүү жабдуулар жана мектептик эмеректери орнотулуп, объектилер окуу процессинин башталышына даяр турат. Аталган билим берүү объектилери жаңы 775 окуучулук орун менен камсыздайт.

Белгилей кетсек, жаңы мектептердеги спорт залдардын жана өткөөл галереялардын курулушу бүтүү стадиясында. Мындан тышкары, 240 кошумча орундар менен камсыз кылууну каралган 2 бала бакчанын курулушу да бүткөрүү стадиясында. Бул жаңы окуу жайларында балдарды окутуу жана өнүгүү үчүн бардык зарыл ыңгайлуу шарттар каралган.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чыр-чатагынан жабыр тарткан Баткен жана Лейлек райондорунун айылдарындагы 8 социалдык объекттердин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары 2021-жылдын майында башталган. Бул объекттерин калыбына келтирүүгө жана курулушун аяктоого республикалык бюджеттин эсебинен 309 млн 800 миң сом каражат каржыланган. Сентябрда эки мектептин жана ФАПтын капиталдык ондоп-түзөө жумуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий