• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен: Максат мектебинин окуучулары менен психолог иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү Максат орто мектебинин окуучуларына психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, чек ара аймагындагы билим уясына психолог менен чогуу райондук билим берүү бөлүмүнөн атайын адис жиберилген.

Психологдун айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан кийин окуучулар арасында катуу стресске кабылгандар жок. Ата-энелерде бир аз чочулоо байкалат.

Максат мектебинде эки күндүк тыныгуудан кийин окуу процесси кечээ жанданган. Бүгүн 196 баланын 112си сабакка келген. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен.

Чек арадагы чырдан улам мектепке келтирилген материалдык зыян 129 миң 500 сом деп эсептелип, акт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий