• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен менен Кадамжайдагы сел кесепеттери бир күндө жоюлду

Аймак 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Баткен жана Кадамжай райондорундагы селдин кесепеттери бир күндө жоюлду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Ак-Өтөк айылында жана Кадамжай районунун Ак-Турпак, Кызыл-Коргон айылдарында сел жүргөн.

“Сел жүргөн аймакка ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев барып, селден кийинки калыбына келтирүү жумуштарын көрүп чыкты. Аймакта табигат кырсыгынын кесепеттерин жоюу аракеттери ыкчам жүрүп, 20дан ашуун техника иштеп, бир күндүн ичинде жол каттамдары ачылып, электр жарыгы жана сугат суу берилди. Элдин короо жайын тазалоо жумуштары аткарылды”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий