• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен: Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңга жуук Көк-Таш айылынын борборунда тажик тарап курал колдонгон. “Азыркы учурда милиция кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн чечими менен үч айылда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тажикстан менен чектешкен чек арада чыңалуу бар”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-апрелде таңкы саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө Тажикстандын жарандары тарабынан ок атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү жолдон өткөн КР жарандарынын автоунааларына таштар ыргытылып баштаган.

Бул фактылар Баткен РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси ("ээнбаштык") жана 39/130-беренеси ("киши өлтүрүүгө аракет кылуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикир

Оставить комментарий