• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен милициясы кооптуу аймактардан элди алып чыгууда

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Баткен милициясы кооптуу аймактардан элдерди алып чыгууда, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы окуяга байланыштуу Баткен облусундагы ИИОнун өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте жеринде иш алып барууда.

"Азыркы учурда абал курч бойдон. Ал жерде кызмат өтөгөн ички иштер орган кызматкерлери тарабынан абалды турукташтыруу, элдин коопсуздугун камсыздоо багытында аталган аймакта Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов тиешелүү кызматкерлери менен иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий