• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен милициясы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин балдарынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Мурат Бороновтун демилгеси менен 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кылмышкерлердин колунан каза болгон кызматкерлердин балдарынан кабар алынды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул ирет жетекчилик 2010-жылдын 27-октябрында кылмышкердин огунан 31 жашында каза болгон милициянын старшинасы Ысманов Кылычбек Илязовичтин Кызыл-Кыя шаарында жашаган жаш өспүрүм балдарынан, ошол эле кылмышкердин огунан 27 жашында каза болгон милициянын сержанты Бердалиев Гуламжан Абдумуталиповичтин Кадамжай районундагы Марказ айылында жашаган ата-энесинин карамагында турган 12 жашар уулунан, ошондой эле 2022-жылдын 27-мартында кылмышкердин колунан каза болгон милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевдин Баткен шаарындагы үй-бүлөсүнөн кабар алып, алардын балдарын майрамдары менен куттуктады.

Баткен облустук милициясынын жетекчилиги алып барган таттууларды, белектерди берип, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык, кең келечек каалап мындан ары да милиция кызматкерлери тарабынан кам көрүлүп, көмөктөшөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий