• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен милициясы: Лейлек районунда коопсуздук чаралары эскертилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери СOVID-19 илдетин алдын алуу жана анын жайылып кетпөөсүнүн алдын алып, өзгөчө кырдаал режими бүткөнгө чейин иш-чараларды жүргүзүүдө.

Баткен милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо максатында кызматтык унааларга үн чыгаруучу каражаттар менен санитардык эрежелердин нормаларын сактоо, жөнү жок унаа башкарып көчөгө чыкпоо, ошондой эле такси кызматтары экиден ашык адам албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

"Мындай түшүндүрүү иштерин райондогу ар бир айылдарда жүргүнчү ташыган менчик автоунаалардын айдоочуларына да кылдаттык менен түшүндүрүлүп, айдаган автоунааларынын туткаларын, отургучтарын дезинфекциялоо жагы байма-бай эскертилүүдө. Ошондой эле ар бир айдоочуларга эпидемиянын санитардык эрежелеринин нормаларын сактоо боюнча атайын эскертмелер даярдалып, таркатылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий