• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен милициясынын башчысы Боронов Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларын кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларын кыдырды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул ирет Мурат Боронов Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү жана Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн кабар алды.

Жериндеги өздүк курамдын бүгүнкү күндө кандай шартта иш алып бараткандыгы боюнча жеринен таанышты. Катталган кылмыштардын бетин ачуу жана кылмыштарды болтурбоо, алдын алуу багытында жогорку деңгээлде кесиптик чеберчиликтерди пайдалануу, эл менен ар дайым сылык мамиледе болуп, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча ар бир кызматкерди чакырып кетти.

Кадамжай, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү иштеп жаткан милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгүн мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү боюнча бир топ тапшырмаларды берди.

Өздүк курам менен жолугушуусунда белгилегендей, “милиция кызматкери тейлеген аймакта тартип болуш керек, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү эл менен биргеликте алардын ишенимине кирип, ак ниет менен кызмат кылуусу зарыл, ошондо гана элдин коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулука каршы күрөшүү багытында иштер бир топ алдыга жылат".

Кадамжай районундагы иш сапарында Кадамжай РИИБнин имаратынын курулушу менен таанышып чыкты.

Кадамжай РИИБнщн имараты 1935-жылы курулуп, жараксыз абалга кептелгендиктен, 2018-жылдын июнь айларында жаңыдан имараттын курулушу башталып, жакынкы күндөрү ачылуу аземинин астында.

Пикир

Оставить комментарий